Ооганстандын "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанды бир диалогго келүүгө чакырды

Ооганстандын "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанды чек ара маселелери боюнча бир диалогго келүүгө чакырды. "Талибан" кыймылынын тынчтык жол менен чечүүгө чакыруусу социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, алар чакырууну кечээ, 6-июнда жарыялаган.

"Жакында эле ислам өлкөлөрү коңшу Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда тирешүү пайда болуп, натыйжада эки өлкө тең согуш талаасына аз калышты. "Талибан" кыймылы исламдык жана боордош өлкөлөрдү талаш маселелерин диалог жолу менен чечүүгө чакырат", - деп жазылат билдирүүдө.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда 1994-жылы пайда болгон. Бул кыймыл Ооганстанды 1996-жылдан 2001-жылга чейин жана Пакистандын түндүгүндөгү Вазиристан аймагын 2004-жылдан бери башкарып келген исламчыл кыймыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ma2as
2021-06-07 18:12:39
Наркотик ташыган жолу буулуп , алардын да ичи ачышып баштаганго . Такыр эле жабып салып керек границаны .
+9
Nur777
2021-06-07 18:14:36
Бизнестери токтоп жаман болушту,карап кой сес корсоткондорун...
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан