Баткенде мал базарда акча уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-июнь күнү Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 34 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 06:30 чамасында Халмион айылындагы "Баяман-Баатыр" базарынын жанындагы мал базарда арыз ээсинин сумкасынан белгисиз адамдар 144 миң сом акчасын уурдап кеткендигин жазган.
Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 38 жана 29 жаштагы тургундары кармалып, уурдалган акча өз ээсине кайтарылган. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.