Коңшу Казакстандын Магнистау облусунда кургакчылык жана ачкалыктан миңден ашык жылкы өлдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта айтылгандай, май айында эле Магнистау облусунда 1 миң 100 жылкы ачкалыктан жана кургакчылыктан өлгөн. Көптөн бери аталган аймакта жаан-чачын болгон эмес. Жайыттар өрттөнүп жатат, тоют жок. Дыйкандар чыгымга учурап, чиновниктерден жардам сурап жатканы айтылды.
Учурда ыктыярчылар жылкыларды сактап калууга аракет кылып жатышат. Алар мындай окуялар кургакчылыктан жана кожоюндун кайдыгерлигинен улам болуп жатканын айтышууда.
Буга чейин Казакстанда арыктап өлгөнү калган жылкылардын сүрөтү талкууга алынып жаткандыгы кабарланган.