Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос бир тууганы менен 20-июлда биринчи жолу космоско учат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Беш жашымдан баштап космоско саякаттоону кыялданчумун. 20-июлда мен агам менен ушул сапарга аттанам. Бул менин эң жакын досум менен болгон укмуштуу окуя болмокчу", - деп жазган Безос социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, дүйнөнүн эң бай адамы аталган Жефф Безостун Blue Origin компаниясы ушул жылы 20-июлда космоско уча турган New Shepard суборбиталдык кемесине бир жүргүнчү орун үчүн онлайн аукционду баштаган.