Жогорку Кеңештин комитетинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту колдоо тапты

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту колдоо тапты.

Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов 2020-жылы 12 жыйын өткөрүлгөнүн белгиледи. "Анда кырктан ашуун чечимдер кабыл алынган. Байкоочу кеңеш колдон келишинче чыгарылган чечимдерди көзөмөлдөп турду", - деди ал.

Депутат Евгения Строкова КТРК социалдык роликтерге кандай көңүл буруп жатканына кызыкты.

Өз кезегинде Кубат Болотканов өзгөчө көңүл буруларын айтып, өткөн жылы социалдык роликтерге 14 миң 647 мүнөт бөлүнгөнүн билдирди.

"КТРКнын кызматкерлеринин маянасы өтө төмөн, орточо айлык 12 миң сом. Ал жерде ишине берилгендер гана иштейт. Андыктан КТРК өзү тапкан каражатты бюджетке чегербей, корпорациянын иши үчүн жумшалып, айлык маяналар көтөрүлсө жакшы болмок. Анткени былтыр 59 миллион сом бюджетке чегерилген. Эгер каражаттар КТРКда калтырылса, кызматкерлердин айлыгын 30 пайызга көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк", - деди Кубат Болотканов.

Талкуудан соң КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан