Сузакта өз жанын кыюуга аракет кылган 35 жаштагы келиндин окуясы: Ал мас абалда болгон

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өз жанын кыюуга аракет кылган келинди жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Аталган 35 жаштагы келин мас абалда болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө райондук 101 өрткө каршы кызматынан билдирүү келип түшкөн.

"Анда 6-июнь күнү саат 20:30 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну 1986-жылы туулган Т.С. аттуу келин Көк-Арт дарыясындагы көпүрөдөн мас абалда сууга өзүнүн боюн таштап, аны күйөөсү суудан чыгарып куткарып калгандыгы белгилүү болгон.

Окуя боюнча келин эч кимге доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан баш тартты. Бул окуя боюнча Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан