Анголада 12 жашар Аугусто Дембо аттуу бала атасы шимпанзе экенин айтып чыкты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, өспүрүмгө бул туурасында апасы айтып берген.
Андагы маалыматта айтылгандай, өспүрүмдүн апасы 1998-жылдан баштап Камея улуттук паркында жаратылышты коргоо инспектору болуп иштеп жүргөндө шимпанзе менен мамиледе болгон. Окуя жергиликтүү гезит беттерине жарыяланып, Аугусто Дембо элдин кызыгуусун жаратып, кыска убакыт аралыгында белгилүү болду.
Адис Антониу Мендес белгилегендей, Анголада адамдар менен шимпанзелердин ортосунда сексуалдык мамиле кеңири эле жайылган көрүнүш. Бирок шимпанзеден бойго бүтүп калуу окуясы биринчи жолу расмий айтылууда. Генетиктер бир жылдан ашуун убакыттан бери изилдөө жүргүзүп, Аугусто Дембонун шимпанзеден төрөлгөнү же андан төрөлбөгөнү боюнча расмий аныктама берише элек. Бул боюнча эксперттердин ортосунда талаш-тартыш болууда.
Аталган өлкөнүн президенти Жуан Лоренсу өспүрүмдү "Анголалык керемет бала", "Улуттук баалуулук", "Кудайдан келген белги" жана "Ангола Республикасынын улуулугунун күбөлүгү" деп атаган.
Ал эми парктын кызматкерлеринин же конокторунун жаныбарлар менен болгон сексуалдык өз ара аракеттенүү парктын эрежелерине каршы экенин Камея паркынын өкүлү айткан.