Лебединовкада сууга чөгүп кеткен дагы бир жарандын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Лебединовка айылында 2 адам сууга чөгүп, анын биринин жансыз денеси табылган. Бүгүн, 7-июнда изделип жаткан экинчи жарандын жансыз денеси суудан чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, маркум 40-45 жаш чамасында болгон. Учурда аты-жөнү такталууда.

Кечээ, 6-июнь күнү ӨКМга Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2 адам сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар 1971-жылы туулган жарандын жансыз денесин суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан