Бүгүн, 7-июнда Япониянын Осака шаарында 2022-Дүйнө чемпиондугунун квалификациясынын экинчи раунду алкагында Кыргыз өлкөсү - Монголия беттеши орун алды. Беттеш 0 - 1 эсеби менен аяктап, кыргыз курамасы жеңилүү ызасын тартты.
Оюндан кийинки маалымат жыйында кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин буларга токтолду.
"Монголия курамасын жеңиши менен куттуктайм! Топко биз көбүрөөк ээлик кылдык, дээрлик бардык оюнда чабуулда жүрдүк, бирок айып аянтында керектүү агрессия көрсөтө алган жокпуз, жыйынтыгында жеңилдик", - деди ал.
Ал эми коронавирус инфекциясы менен байланышкан жагдай тууралуу: "Бардык команданын тести терс жыйынтык көргөздү. Бул жагдай кабыл алган тарапка көп суроолорду жаратып жатат. Жыйынтыгында үч дарбазачы жана эки талаа оюнчу оюнга катышуудан четтетилди".
Эскерте кетсек, Япония өкмөтүнүн коронавирус инфекциясын алдын алуудагы саясаты боюнча кыргыз курама командасы коронавирус тестинин терс жыйынтыгына карабастан, жуктуруу күмөнү саналган тренердик штаб, администрация жана 2 оюнчу - Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, 3 дарбазачы - Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Кашуба Валерий оюндан четтетилген.
Кураманын Осакага келишинен кийин инфекция жугузуу күмөнүнөн улам команда бир практикалык жана бир нече теориялык машыктырууларын өткөрүп жиберген, ал оюнчунун бүгүнкү тести терс жыйынтык көргөзгөн.
Техникалык жеңилүүнүн алдын алуу үчүн курама дарбазачысы жок ойноого мажбур болгон, дарбазачынын ордунда коргоочу Айзар Акматов оюн жүргүздү. Ал эми оюндарды кабыл алып жаткан уюштуруучу тарап оюндан четтетилген оюнчулар тууралуу команданы эки саат калганда гана кабарлаган.