Социалдык тармакка аёосуз сабалган эркек кишинин видеосу тарады. Андан жабырлануучунун бети-башы канжалап, көк ала болуп, шишигенин көрүүгө болот.
Видеонун автору жабырлануучуга суроо берип, окуянын кандай болгонун, кимдер сабап кеткенин билүүгө аракет кылган.
Сабалган жаран аты-жөнү Соипжон Атаназаров экенин, Жалал-Абаддын Нагорный аймагынын тургуну болорун белгилеп, аны унаага салып, шаар сыртына алып барып колу-бутун байлап сабап кеткенин айтат. Ал кимдер тарабынан токмок жегенин айтуудан баш тартып, видеого тартып жаткан жарандан ооруканага алып баруусун суранганын угууга болот.
"Мени ооруканага алып баргылачы, өлүп калышым мүмкүн. Мени катуу сабап кетишти, бүткөн боюм ооруп жатат..." деген жабырлануучу.
Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБине байланышуу мүмкүн болгон жок.