Индияда химиялык заводдо өрт чыгып, 14 киши каза болду

Индияда химиялык өндүрүш заводунда өрт чыгып, кеминде 14 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Индиянын Махараштра штатына караштуу Пуна шаарындагы өндүрүш аймагында дезинфекциялык каражаттарды өндүргөн химиялык заводдон өрт чыккан.
"Өрт чыккан маалда 37 киши иштеп жаткан. Алардын ичинен 20 адам куткарылып, тилекке каршы, 14 адам каза болсо, дагы бир канча жумушчу дайынсыз болууда. Учурда издөө, куткаруу иштери жүрүп жатат. Алдын ала алынган маалымат боюнча, өрттүн келип чыгуусуна электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон. Өрттү өчүрүүгө 8 өрт өчүрүүчү унаа тартылды", - деп билдирген тиешелүү кызматтын өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан