Жалал-Абадда аёосуз сабалган эркек кишинин видеосу социалдык тармакка тараган. Окуя мындан бир ай мурда, тагыраагы 4-майда орун алган. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарынын 1968-жылы туулган А.С. аттуу жашоочусу денесинен жаракат алып, Сузак районунун Октябрь аймактык ооруканасына түшкөн. Топтолгон материал тергөө үчүн Жалал-Абад ШИИБине жиберилип, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 266-берене ("бейбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жабырлануучу төмөндөгүлөрдү билдирген.
“2021-жылы 2-май күнү саат 13:00 чамасында Мурад аттуу таанышым келип “иш бар, иштейсиңби” деп айтты. Мен эмне жумуш экендигин сурасам, малчы керектигин билдирди. Мен макул болуп саат 17:00 чамасында Мурад менен жайлоого кеттим. Тахырга жайлоого кетип жаткандыгымды айттым. Жолдо бара жатып дүкөнгө токтоп, спирт ичимдигин алып чыктым. Мурад экөөбүз жолдо бир аз ичип бара жаттык. Жайлоого жеттик. Кайсы жайлоо экендигин билбейм. Унаадан түшүп бир атка Мурад экөөбүз минип баратып, мен аттан кулап түштүм. Ат мени 15-20 метрдей аралыкка сүйрөп кетти. Мурад атты токтото албай, ал да жерге кулап жатып калды. Андан соң мен кайра Жалал-Абад шаарына кетмекчи болгон учурда 2 милиция кызматкери ооруканага алып келди. Мен мас абалда болгон үчүн Тахыр урду жана унаага жүктөдү деп айтып салгандыгымды билбейм. Себеби мас элем. Эч кимге арыз-доом жок”, - деп көрсөтмө берген. Ошондой эле А.С. соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Жалал-Абад ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан 21-май күнү иш өндүрүштөн кыскартылган.
"7-июнь күнү интернетке тараган видеодо айтылган дооматтарды текшерүү максатында мурдагы сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартуу токтомун жокко чыгарып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн Жалал-Абад шаардык прокуратурасына өтүнүч келтирилди. Учурда өтүнүч каралууда", - дешти мекемеден.