Белгилүү кыргыз музыканты Аслан Исабаев "Кулун" аттуу музыкага Америка Кошмо Штаттарында клип тарттырып жатат. Бул тууралуу "Макал Арт" чыгармачылык бирикмеси билдирет. "Кулун" музыкасы Таалай Бейшеевге таандык. Клип Аризона, Калифорния, Невада штаттарында тартылууда. Клипмейкер Тынчтык Турдалиевдин айтымында, клип эки-үч айдын ичинде элге тартууланат.