Чүй облусунун аймагында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-июнь күнү түнкү саат 2:30да Жайыл районунда Тойота Прадо менен Митсубиси Галант үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен Митсубиси Галант унаасынан болжол менен 40-45 жаш чамасындагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам (2 эркек, 2 аял), Тойота Прадо унаасынан 3 адам (2 эркек, 1 аял) ар кандай жаракат алышкан.
Жерине 5 куткаруучу тартылып каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.