"Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматов атындагы кубок менен сыйланат". Орусияда өтүүчү фестивалда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Орусияда өтүүчү "Русский мир" фестивалынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун кубогуна арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турнир 13-июнда Орусия Федерациясынын Сергиев Посад шаарындагы Благовещенский талаасында болот. Спорттук иш-чара Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн кайчылаш жылына арналып, Орусия жана Евразия өлкөлөрүнүн элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт.

Мелдештин негизги максаттары:

  • Кыргыз-орус алакасын бекемдөө;
  • Орусия күнүн жана улуу князь Александр Невскийдин туулган күнүн майрамдоо;
  • Кыргыздын улуу жазуучусу, Социалисттик эмгектин баатыры Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу;
  • Көк бөрү оюнун Евразиянын көчмөн элдеринин нукура улуттук спорту катары жайылтуу.

Эл аралык мелдешти Спортту жана тынчтыктын маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Орусиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү улуттук федерациясы өткөрөт.

Эскерте кетсек, мелдеш Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү федерациясынын эрежеси менен өтөт.

Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматов атындагы кубок жана уюштуруу комитетинин белектери менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан