Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон саякат тууралуу "Орёл и Решка" шоу-программасы Кыргыз өлкөсүнө келет. Бул тууралуу программанын расмий баракчасына жарыяланган.
Маалыматка ылайык, берүү Ош шаарын тартканы июль айында келишет. Учурда продюсерлери тартуу иштерине көмөк көрсөткөнү Ош шаарындагы жергиликтүү тургундарды издөөдө.
"Орёл и решка" программасынын ар бир чыгарылышында жаңы өлкө тууралуу баян. Эки алып баруучу - жигит менен кыз - көбүнчө борбор шаарларына барып, кызыктуу жерлерин чагылдырат. Саякат башталарда алып баруучулар тыйын өкчөшөт, бири 100 доллар менен эки күн жашашы керек, ал эми жеңүүчү алтын картага ээ болуп чексиз акча каражатын сарптаса болот.
Буга чейин аталган программа 2013-жылы Бишкек шаарына келген. Телеберүүдө Кыргыз өлкөсүнүн тоолорунун кооздугу, салты, маданият жана меймандостугу көрсөтүлгөн. Бирок катышуучуга койдун союлушу, баштын этин жедиргени, бүркүттүн түлкүнүн көзүн чукуганы алгач жакшы таасир калтырган эмес. Ал эми экинчи катышуучу Бишкекте 100 доллар менен бардар адамдай жашаганын айткан.