Абдылда Иманкулов: "Август айында Рахман Разыковдун дагы бир китебинин бет ачары болушу керек эле"

Бүгүн, 8-июнда Ош облусунда куудул, сатирик Рахман Разыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Анда кесиптеши Абдылда Иманкулов Рахман Разыков өлкөдө болуп жаткан көрүнүштөрдүн бардыгын сатиранын тили менен айтып жүргөндүгүн баса белгиледи.

"Рахмандын бүткөндөн бүтө элек, кылгандан кыла элек иштери көп эле. Август айында дагы бир китебинин бет ачары болушу керек болчу. Ал чоң концерттик программа менен коштолмок. Көзүнүн тирүүсүндө бир жылуу сөз айтып, жакшылап көңүлүн алып коюш үчүн сөзсүз тиги шордуу өлүш керек экен да. Рахман колунан келишинче мамлекетте, коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдүн бардыгын сатиранын тили менен, ыры, тамсили менен жазып, айтып жүрдү. Аны бирөөсү туура түшүндү, бирөөсү туура түшүнбөдү. Кимдин канчалык чындыкты айтып жатканын убакыт, мезгил далилдеп, тастыктап келе жатат. Айтылчу сөздөрдүн баары алдыда. Урматтуу, Рахман досум, кош бол", - деди ал өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан