Мурас-Ордодогу 13 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча иш сотко өттү

Бишкектеги Мурас-Ордо конушундагы 13 жаштагы баланын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 31-май күнү иш Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлгөн.
Окуянын чоо-жайы:

17-мартта Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусун мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. SUPER.KG порталы жерине барганда укук коргоо органдары каза болгон баланын 10-класста окуган агасы күбө катары сурак берип жатканын билдиришкен.

Ал эми каза болгон баланын үйүнө барганда Шумкарбек аттуу тууганы алар эч кандай чырга аралашпаган үлгүлүү үй-бүлө экенин айтып, окуянын чын-бышыгын өздөрү дагы билбей турганын айткан.

Көп өтпөй аталган кылмышка шектелип, каза болгон 13 жаштагы өспүрүмдүн 2004-жылы туулган бир тууган агасы кармалып, эки айга СИЗО-1ге киргизилген.

Бул окуядан көп узабай, маркум баланын апасы маалымат берип, анда Сыймык аттуу баласы инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан