
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 59 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-май күнү Октябрь райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 9-декабрында ооруканалардын биринин кызматкери арыз ээсинин ишенимине кирип, акыл-эси жайында деген маалымкат алууга жардам берем деп 1 миң 500 доллар акчасын алып, бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарбай келгенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектелип, 1962-жылы туулган аял кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициядан учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу иликтенип жатканын кошумчалашты.