Жети-Өгүздө жол кырсыгынан 3 адам каза тапты (сүрөт)

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жеңил унаалар сүзүшүп, үч киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 8-июнда таңкы саат 4:30 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун Даркан айылы жакта болгон.

"Анда Ауди С4 менен BMW 525 унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам көз жумуп, эки адам ооруканага жеткирилген. Алардын аты-жөнү, жашы такталууда. Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматы менен райондук ооруканага жеткирилди", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан