Ош облусунун аймагында чагылган түшүп, анын кесепетинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июнь күнү саат 22:20 чамасында Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Кызыл-Кошчу айылында диаметри 80 сантиметр, бийиктиги 6 метр болгон талга чагылган түшүп өрт чыккан.
Саат 22:57де өрт чектөөгө алынып, 23:17де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.