Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектелип, 22 жана 21 жаштагы Чүй облусунун тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүүлөр мындан сырткары дагы 8 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.