Эверестти багындырган өзбекстандык альпинистке президенти унаа белек кылды

Дүйнөдөгү эң бийик чоку болгон Эверестти түштүк Непал тараптан багындырган өзбекстандык альпинист Сергей Денисенкого аталган өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев унаа белек кылды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, альпинистке өзбек лидеринин атынан Trailblazer маркасындагы жол тандабас тапшырылып, "Өзбекстандын сыймыгы" ардак наамы ыйгарылган.

Денисенконун жардамы менен Өзбекстандын желеги планетанын эң бийик жери - Эвересттен 8 миң 848 метр бийиктикке көтөрүлгөн.

Эске салсак, май айында Кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эвересттин жогорку чекитине чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zhaynak
2021-06-08 15:57:56
Карагылачы Озбектерди, биздики мынтпейт, тигинтпейт деп баштагыла наалып.
+12
Tatu_8889
2021-06-08 18:11:01
zhaynak,сен от жагып койсон анан ,карагыла ...деп.
+4
Rakyl12
2021-06-08 16:07:03
Эдуард байке келсе о авамда бирдеме берсе керек эле.
+5
Tursunbaev1978
2021-06-08 16:29:54
Rakyl12,Эдуард байкең давно келдиго,кабарың жокпу,о аваң эч нерсе берген жок
+7
Jelezo
2021-06-08 16:34:48
Россиядагы мигранттар берет деп күтүп жатышса керек.
+5
Eden-Hazard
2021-06-08 17:38:22
Эдуард байкеңерди Кум Төрдөн ашыгы менен алып койгон
+6
Tursunbaev1978
2021-06-08 18:30:53
Eden-Hazard,бул дагы жегичпи?эверестке чыгыш үчүн дагы көп акча коротот,жашылынан
+1
Eden-Hazard
2021-06-08 20:40:02
Tursunbaev1978,мурун 3 жыл Кумтордо иштеген. 600мин доллардан ашык жеген экен
+5
bond02
2021-06-08 20:19:44
Биздин альпинист мурда эле алып алган экен, ошол куноосун жууп келиптир Эверестке чыгып.
+4
Dembele84
2021-06-09 01:03:21
Биздин Эдуарддын да чыгып келгени непонятно болуп жатат азыр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан