Жеңүүчүсү жок... Флойд Мейвезер видеоблогер менен беттешти

Майамиде легендарлуу мушкер Флойд Мейвезер менен видеоблогер Логан Полдун беттеши орун алды. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, мушташтын көргөзмө форматы калыстардын жоктугуна байланыштуу нокаут менен бүтүш керек эле, анткени жеңүүчүнү аныктоонун башка жолу болгон эмес. Бардыгы Флойддон менсинген блогерлерди ордуна коюу боюнча мастер-класс күтүп жатышты, бирок андай болгон жок. Анткени Логан бардык 8 раундда туруштук берди.

"Ооба, эгер калыс болгондо Флойддун колун көтөрмөк. Мейвезер Полду ашып түшүп, аны чарчатты. Бирок Логан жеңүүчүдөй эле болду. Ал Флойддун буга чейинки атаандаштарынын дээрлик жарымынан көбүнө салыштырмалуу көп убакыт тура алды жана эл алдында уят болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан