Бишкекте бел боо күрөшү боюнча ачык чемпиондук өтөт

Бишкекте 11-13-июнь күндөрү бел боо күрөшү боюнча борбордун ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, чемпиондукка борбор калаадан 150 балбан катышат.

"Өспүрүмдөр арасында спорттун бул түрүн Кыргыз Республикасында кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана республиканын эң күчтүү спортчусун аныктоо максатында өткөрүлөт.

Чемпиондуктун ачылышы 11-июнда саат 12:00дө Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде болот (Чыгыш-5 кичи району, 21-корпус).

Иш-чараны дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев жана Бел боо күрөшү федерациясынын президенти Валерий Фуфачев ачат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан