Буга чейин Таласта 18 жаштагы кызды атып кетүүгө шектүү жигит асынып алган. Андан тышкары Кара-Буура РИИБинин тергөө бөлүмүнө 18 жаштагы Р.Н. аттуу бала алып келинген. Анын аталган кылмышка канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендиги текшерилип жаткан болчу.
Ал 6-июнь күнү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кара-Буура райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, кармалгандыгы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып үй камагына чыгарылды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Маалымат үчүн:
Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган унаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ушул айылдын 2003-жылы туулган тургуну экени жана ок атуучу куралдан жаракат алганы аныкталган.
Көп өтпөй кыздын өлүмүнө шектелип жаткан Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургуну асынган абалда табылган болчу. Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу дагы бир жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Биздин портал киши колдуу каза болгон Нурайым Талипованын алдыга койгон максаттары, пландары тууралуу, ошондой эле асынып алган Талгат Анараалы уулу тууралуу жакындарынан бир катар суроолорго жооп алганбыз.