Техаста аял маникюр менен педикюрдун баасына нааразы болуп, тырмак салонунун ээсине ок чыгарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Харрис округунун шерифинин айтымында, Жоана Вара аттуу аял жана анын эжеси 29-майда Хьюстондогу "Katy Nails" салонунда маникюр жана педикюр жасатышкан, андан кийин кызматтын баасына нааразы болуп, ээси менен уруша башташкан.
Полициянын айтымында, Вара урушуп жаткан эжесин бир азга таштап, андан кийин кайтып келген. Салондун ээси аны түртүп чыгарууга аракет кылганда Вара тапанча менен ага ок чыгарган. Окуядан кийин эки аял тең качып кетишкен.
Салондун ээси төшүнөн жаракат алып ооруканага жеткирилген. Шерифтин билдирүүсүнө ылайык, жабырлануучунун абалы оор, бирок туруктуу.
Аялга айып тагылып, Харрис округунун түрмөсүнө киргизилген. Сот ошондой эле Жоана Варага 75 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди. Эжеси алгач жоопкерчиликтен качканы үчүн камакка алынып, кийин бошотулган.