Келтирилген чыгым 921 миң сом. Чүйдө зер буюмдарды уурдоого шектүү жарандар кармалды

Чүй облусунун аймагында уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 14-апрель күнү Жайыл РИИБине Кара-Балта шаарынын 34 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү түндө белгисиз жарандар Кара-Балтада жайгашкан соода үйүнүн терезесинен кирип, зер буюмдарын (алтын, күмүш) уурдап кеткенин жазган. Келтирилген чыгым 921 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 33 жаштагы аял кармалган. Райондук сот тарабынан аталган шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган кылмыш ишине дагы бир шектүү катары 24 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар дагы башка жарандар аныкталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан