Ош шаарында эки сауна жабылып, 31 кыз-келин милицияга алып келинди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган 31 кыз-келин милиция бөлүмүнөн сүрөткө тартылып, аты-жөндөрү такталып, бармак издери алынган соң түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп үйлөрүнө жиберилген.
"Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 5 ай аралыгында жашыруун сойкулук жасаганга көмөктөшкөн 18 көмүскө жайлар, сауналар жана мейманканалар аныкталган. Ошондой эле аталган жайларды уюштурган адамдардын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алардын үстүнөн 167-берене "сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү" менен тергөө иштери жүргүзүлүп, соттук кароого жиберилген", - деп билдиришти Ош ШИИБинин маалымат кызматынан.
Милиция кызматкерлери бул багытта мыйзамдуу укуктарын пайдаланып, көмүскө сойкулук жасоочу жайларды жана уюштурган адамдарга каршы иликтөө иш-чараларын улантып жаткандарын кошумчалашты.