Американын Калифорния штатында полиция кызматкерлери көчөдө оюнчук автомат менен жүргөн 13 жаштагы баланы атып салды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрь күнү чет элдик басылмалар жарыялашты. Маалыматка караганда, окуя 21-октябрь күнү Санта-Роза шаарында болгон. Анда полиция кызматкерлери көчөдө Калашников автоматына окшош болгон оюнчук менен жүргөн 13 жаштагы баланы көрүп ага куралды таштоого буйрук берген. Бирок бала буйрукка баш ийбегенде полиция кызматкерлери ок чыгарган. Октон кулаган өспүрүмдүн колун кишендеп текшергенде, автоматы оюнчук болуп чыккан жана курунда дагы бир оюнчук тапанча болгон. Полиция кызматкерлери өспүрүмгө биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан бирок бала окуя болгон жерден каза тапкан. Полиция кызматкерлеринин мындай кадамга баруусуна жакында Невада штатында катталган окуя себеп болгону айтылат. Анда окуучу мектепке курал менен келип, математика мугалимин атып өлтүрүп, андан соң классташтарынын көзүнчө өзүнө ок чыгарган.