Маалыматка караганда, бүгүн, 8-июнь күнү эртең менен А.А. аттуу милиция кызматкеринин Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнүн терезесинен белгисиз жарандар кирип, анын жеке буюмдарын уурдап кетишкен.
"Уурдалган сумканын бирин алар ыргытып жиберишкен. Аны таап алган жаран социалдык тармактарга жүктөп, ээсин издеген. Таап алган жаран биздин кызматкерге сумкасын жана жеке буюмдарын кайтарып берди", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.
Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.