Бишкек шаары коомдук автопаркты түп-тамырынан бери масштабдуу жаңыртууга жана кеңейтүүгө муктаж. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо учурунда билдирди.
"Унаалардын агымын азайтуу жана шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына заманбап жана экологиялык жактан таза автобустарды жана троллейбустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек. Бишкек шаары коомдук автопаркты түп-тамырынан бери масштабдуу жаңыртууга жана кеңейтүүгө муктаж. Мындан бир нече күн мурда жаралган транспорттук көйгөй кайталанбашы тийиш", - деп белгиледи ал.
Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин көңүлүн шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган комплексттүү чараларды кабыл алуу зарылдыгына бурду.
"Бишкек шаарынын борборунда абалы начар, басууга мүмкүн болбогон жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар кездешет. Мындан тышкары бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, баш аламан курулуштар, арыктардагы суунун жетишсиздиги, сугат тутумунун бузулгандыгы, же жоктугу сыяктуу маселелер нааразычылыктарды туудурууда. Бишкек шаары – биздин өлкөнүн борбору, ошондуктан муниципалдык бийлик күн сайын жана тутумдуу түрдө шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардыктардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн шарттарды түзүү үстүндө иш алып баруулары керек. Шаар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен шаардык бийликтен учурдагы көчөлөрдүн биринде жалаң жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган көчөнү түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тездетүүнү өтүнөм", - деди төрага.