Түштүк Африкада 37 жаштагы келин бир төрөгөндө 10 ымыркайды жарыкка алып келди

Түштүк Африка Республикасында 37 жаштагы Госиаме Ситхоул аттуу аял бир төрөгөндө эле 10 ымыркайды жарыкка алып келди. Муну менен ал буга чейин 9 ымыркай төрөгөн африкалык аялдын рекордун жаңылады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, Госиаме Ситхоул 7-июнда 7 уул, 3 кыз төрөгөн. Алгач УЗИден 6 ымыркай деп чыккан, буга болочок ата-эне аябай таң калышкан. Кийинчерээк дарыгерлер дагы 2 ымыркай бар экенин айтышкан, ата-эне 8 наристенин жарыкка келишин күтүп жатышкан. Бирок төрөт учурунда 10 ымыркай төрөлгөн. Дарыгерлер бардык ымыркайлардын өмүрүн сактап калуу үчүн кесарево жолу менен төрөтүшкөн.

Маалым болгондой, ата-эненин жаңы төрөлгөн ымыркайлардан сырткары 6 жашар эгиз уулдары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nara5
2021-06-08 23:12:17
Мынна саггааа
+1
al-abu-kinesz
2021-06-08 23:16:57
Чон энеси жаш кезинде "кара тооктой жумурткалап алды артынды бала бассын" деп бата берген окшойт да ))
+5
nurik73
2021-06-08 23:17:17
калптар кобойду го
-3
Gulina90
2021-06-09 01:11:16
Мынча сонун кана менда көөп балалуу болсом
+2
monok2001
2021-06-09 10:49:32
Gulina90,жардам берейинби?
-5
Gulina90
2021-06-09 12:15:50
monok2001,жардам бере турган эрим бар,эки уулум бар кудайга шүгүр дс байланыштуу төрөй албай жүрум.
+1
Sabyr_Baymatov
2021-06-09 09:18:04
Кыяматтын белгиси
-8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан