Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япониянын Осака шаарында жүргөн Кыргыз улуттук курама командасы калган эки оюнду дагы дарбазачысы жок өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун билдиришти.
"Талаа оюнчулары Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, дарбазачылар - Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев, машыктыруучу штаб, администрация вирус жугузуу күмөнү бар деп "сары" тизмеге киргендиги үчүн оюндан четтетилиши мүмкүн. Бирок аталган оюнчулардын биринде да тест оң жыйынтыкты көрсөткөн жок. Группанын оюндарын кабыл алып жаткан тарап так жоопту бере элек.
Өз учурунда Кыргыз футболдук союзунун жетекчилиги жогорку органдарга - уюштуруучу комитет, Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы өкүлчүлүгүнө бул жагдай боюнча кат менен кайрылды. Азырынча бул уюмдардан да так жооп келе элек", - деп жазылат билдирүүдө.
7-июнда өткөн Монголия курамасына каршы оюнда "Ак шумкарлардын" дарбазасын коргоочу Айзар Акматов тоскон.