Франциянын президенти Эммануэль Макронду жолугушуу учурунда жаакка чаап жиберген адам 45 миң евро айып пул төлөп эркинен ажыратылат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Андагы маалыматта, Франциянын мыйзамына ылайык, эгерде окуянын кесепетинен президент сегиз күндөн ашык убакытка чейин эмгекке жарамдуулугун жоготпосо, анда жаакка чапкан адам 3 жылга эркинен ажыратылып, 45 миң евро айып пул төлөйт.
Буга чейин Эммануэль Макрон Франциянын түштүк-чыгыш аймагындагы Дром департаментине иш сапары менен барган учурда аны белгисиз жаран жаакка чаап жибергендиги кабарланган.