Футбол боюнча Испания курамасынан "Евро-2020" турнирине 2 күн калганда эки оюнчусунан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, Испания курамасынан Серхио Бускетс жана коргоочу Диего Льорентеден коронавирус инфекциясы аныкталган. Буга кооптонгон команда машыктыруучулары резервге футболчуларды чакырып, кошумча машыгуу лагерин түздү.
Кошумча чакырууну Кепа Ариссабалага ("Челси"), Рауль Альбиоль ("Вильярреал"), Карлос Солер ("Валенсия"), Браис Мендес ("Сельта"), Пабло Форнальс ("Вест Хэм") жана Родриго Моренолор ("Лидс") алган.
Испания курама командасы турнирдин тайпалык баскычында Швеция, Польша жана Словакия курама командалары менен ойнойт.