Франциянын президенти Эммануэль Макрон аны белгисиз жаран жаакка чаап жиберген окуя боюнча жооп берди.
Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, мамлекет башчы баары жайында экенин белгилеп, бул окуяга ашыкча маани бербөөнү суранган. Окуядан кийин саясатчы дагы эч кандай коркуу сезими жок экендигин жана эл менен жолугушууну уланта берерин билдирген.
"Бул нерсе башка маанилүү маселелерди көз жаздымда калтырбашы керек", - деди Макрон.
Эске салсак, Макрон өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагындагы Дром департаментине иш сапары менен барган учурда аны белгисиз жаран жаакка чаап жиберген. Окуянын видеосу социалдык тармактарга таркап кетип, Елисей сарайы окуяны изилдеп, бул бетке чабуу эмес, бетке чабууга аракет экендигин баса белгилеген.