Бишкек шаарына жакын Аламүдүн айылындагы унаа тейлөөчү жайынан өрт чыгып, BMW жана Cadillac Escalade унаалары толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жыгач устундуу шифер жабылган жалпы аянты 200 чарчы метр эки кабаттуу унаа тейлөөчү станциясы, унаа жуучу жайы, турак үй, эки жеңил унаа: BMW үлгүсүндөгү, Cadillac Escalade үлгүсүндөгү толугу менен жана унаа оңдоочу шаймандар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.