"Ата-энелердин кайдыгер мамилесинен улам болууда". Баткенде 5 айда 10 бала сууга чөгүп каза болду

Баткен облусунун бардык аймагында сууга түшүүгө тыюу салынган жайлар, көлмөлөр текшерилип, дегеле өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө аптаптуу аба ырайына байланыштуу сууга түшүү ар бир аймактарда жүрүп жатат. Бирок балдардын коопсуздугун сактоо боюнча ата-энелер тарабынан көзөмөл солгундай түштү.

"Баткен облусунун аймагында жыл башынан бери өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүү кокустугу боюнча 10 факты катталып, оноо тең каза болгон. Алардын жетөө 6 жашка чейинки наристелер. Мындай кырсык Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунда катталып, алардын ар бирине анализ жүргүзүп иликтеп чыкканыбызда ата-энелеринин кайдыгер жасаган мамилесинен улам балдар сууга чөгүп каза болушууда.

Баткен шаарында милиция кызматкерлери тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте шаар аймагындагы бассейндерди кыдырышты. Бассейндин терең жактарына жаш өспүрүмдөрдү түшүрбөө, коопсуздук эрежелерин так сактоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле жаш балдарды ар дайым көзөмөлгө алып туруу зарылдыгы белгиленди.

Урматтуу ата-энелер, ар бириңер өз перзентиңерге кайдыгер карабай алар үчүн толук убакыт бөлүп көңүл бурууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан