Кечээ кечинде Сүлүктүдө шахта урап 20 жаштагы жигит каза болду

Кечээ, 8-июнь күнү кечинде Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Ас-Сүлүктү” шахтасы урап түшүп, кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлады.

"8-июнь күнү саат 18:00 чамасында “Ас-Сүлүктү” шахтасы урап түшүп, кырсыктын кесепетинен шахтанын жумушчулары 1 эркек адам (2001-жылы туулган) каза болуп, 1 эркек адам (1985-жылы туулган) жабыркаган, абалы орто. Тартылган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүп, шахтадан каза болгондун жансыз денесин жана жабыркаганды чыгарышып тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.

Жерине КР ӨКМнын жалпы 11 куткаруучу жана Лейлек райондук ӨКБдан ыкчам топ, ошондой эле КР ИИМнен 5 кызматкер, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан