Ош облусунда тоноо фактысына шектелип Өзгөн районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ош облусунун тургуну ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын декабрь айында Өзгөн шаарында эки чала тааныш адам арыз ээсине күч колдонуп, тоноо жолу менен баасы 20 миң сомдон ашкан уюлдук телефонун тартып алгандарын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири камакка алынып, экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Жашырынып жүргөн кылмышка шектүү 28 жаштагы Өзгөн районунун тургуну кармалып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турары аныкталган. Шектүү жаран "положенец" макамына ээ. Ал Өзгөндө тирешүүнүн кесепетинен каза болгон кримтөбөлдүн жакын адамдарынын бири болгон.
Эске салсак, 19-мартта Өзгөн районунда жергиликтүү кримавторитеттин унаасын атып кетишкен. Октон алган жаракатынан улам эки жаран каза болгон. Бул ишти андан ары тергөө Ош ШИИБи тарабынан жүргүзүлүүдө. ИИМ бул оор кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча издөө иш-чараларын улантууда", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн: