Акыркы күндөрү бүтүндөй кытайлык жана дүйнөлүк басылмалар сөз кылып жаткан "саякатчы" пилдердин токойдо уктап жаткан сүрөтү тарады. Аны дрон менен тартып алышкан.
Кытайдын маалымат каражаттары билдиргендей, 15 жапайы пил 15 ай мурун Кытайдын түштүк-батышында жашаган жерлеринен сапарга чыгып, андан бери 500 чакырымдай жолду басып өтүшкөн. Алар айылдарга жана ири шаарларга барышкан. Пилдер саякаттап жүргөн Юньнань провинциясынын бийлиги 500гө жакын адамдын жардамы менен жолдорду жаап, пилдерди өз үйлөрүнө багыттоого аракет кылышкан. Анткени пилдердин үйүрү буга чейин барган жериндеги эгиндерди жеп, тебелеп-тепсеп, бир нече имараттарга зыян келтирип, жергиликтүү тургундарды коркутушкан.
Юньнань токой өрт өчүрүүчүлөрүнүн байкоосу боюнча, пилдердин бири үйүрдөн бөлүнүп, азыр төрт чакырымдай алыста жүрөт.
Үйүрдүн эмне себептен узак сапарга чыкканын экспеттер божомолдоого аракет кылган. Алар үйүрдүн башчысы тажрыйбасыз деп божомолдошсо, башкалары пилдер жаңы жашай турган жерин издөөдө деп эсептешет. Жапайы Азия (Индия) пилдери Кызыл китепке киргизилген. Алардын саны Кытайда болгону үч жүзгө жакын, ал эми көпчүлүгү Юньнань провинциясында жашашат.
Илимпоздордун айтымында, мындай окуя буга чейин болгон эмес.