50 килограммдан ашык баңгизат. Эл аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишине бөгөт коюлду

Тажикстан-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган туруктуу уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык баңгизаттар тобунун ишине бөгөт коюлуп, 50 килограммдан ашык баңгизаттар жана 250 миң АКШ доллар акча каражаттар табылып алынды.

"Аталган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун уюштуруучусу Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты баңгизаттарды сатуу үчүн Тажикстан, Өзбекстан аймагына Кыргыз өлкөсү аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды.

7-июнда Баткен облусунун Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын аймагына өткөрүү максатында баңгизаттардын башка партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен М.О. кармалды. Кармалган жарандын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү ишинде 9 килограммдан ашык чийки апийим, 4 килограмм гашиш, 37,5 килограмм марихуана, 1 курал (уруксаты жок), 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылып алынды.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси боюнча Кыргыз жарандары кармалып Баткен шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен аталган баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurdan2018
2021-06-09 14:27:11
Оперлер чонтоко ургандан калганын чыгарышыптырда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан