Жактоочу: "Орхан Инанды жоголордун алдында Мелис Турганбаев менен жолугушкан"

"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жоголордун алдында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы Мелис Турганбаев менен жолугушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Таалайгүл Токтакуновага байланышканыбызда билдирди.

"Орхан Инанды жоголуусуна чейин Мелис Турганбаев менен жолуккан. Алар 31-май күнү саат 20:30 чамасында кофе ичүүчү жайда отурушкан. Андан кийин Инандыны эч ким көргөн эмес", - деди Токтакунова.

Токтакунованын айтымында, Турганбаев ошол эле күнү Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Азырынча Мелис Турганбаев менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2021-06-09 13:54:33
Турганбаевти тапсаңар эле боолду анда.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан