"Жубайы менен жетелешип". Садыр Жапаров Түркияга жетти (фото)

Бүгүн, 9-июнда расмий иш сапары менен Түркияга учуп кеткен өлкө башчы Садыр Жапаров Түркияга жетти. Анын учактан жубай Айгүл Жапарованы жетелеп түшкөн сүрөтүн сүрөтчүсү Султан Досалиев жарыялады.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.

Расмий иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле мамлекет башчы кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
jaz99
2021-06-09 14:34:51
Суктандым аябай коз тийбесин
+12
Dembele84
2021-06-09 14:42:06
Дагы кантиптир по подробнее жазгыла
+2
Belek1710
2021-06-09 14:42:55
Кармашкан колуңар түбөлүк болуп бактылуу болгула!
+13
Alinur96kg
2021-06-09 15:53:15
Belek1710,келгиле ошонучун алып жиберели.
+2
Nurik1988
2021-06-09 14:44:31
Жакшы жакшы ийгилик каалайм Аман эсен кайра келип алыныс
+9
Rifle_I
2021-06-09 14:48:27
Турциядагы кыргыз жарандарынын документтерине жеңилдик да сураса керек. Себеби бул жакта виза маселеси бир кыйынчылык жаратат экен.
Россияга караганда түрк эли кыргыздарга мамилеси аябай сылык жана меймандостугу жакты.
+11
Rifle_I
2021-06-09 14:49:13
Врач болуп иш баштаган кыргыздар толтура экен. Бизге да түрк жарандарына окшогон жеңилдиктерин беришин сураш керек экен.
+8
zhunusali
2021-06-09 15:49:33
Самалёт багажында жок бекн а?
0
Yahoo
2021-06-11 10:53:29
zhunusali,
жок
0
Бектурган
2021-06-09 21:43:40
Гүленчилер муну көрүп, угуп, күйбөгөн жерлери күл болдуго чиркин...
0
al-abu-kinesz
2021-06-10 01:23:10
Президентибиз дагы жубайы дагы жылдыздуу, ичи таза адамдар, коз тийбесин, Аллах омурлоруно береке берсин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан