Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга Женева форумунун адам укуктары боюнча сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Навальный абакта болгондуктан, сыйлыкты анын ордуна кызы Дарья Навальная алган. Ал бул сыйлыкты Орусия жана Беларуста саясий куугунтуктун айынан камакта отурган адамдарга арнаган.
Пандемияга байланыштуу саммит онлайн түрдө өттү.
Маалымат үчүн:
Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.