Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс кызматын тапшырды

Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс кызматын тапшырып, АКШга кетти. Бул тууралуу аталган окуу жайдын расмий сайтында айтылат.

Бул кызматты убактылуу университеттин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Жонатан Беккер аткарып турат.

"Биз Качинстин акыркы эки жылдагы ишмердүүлүгү үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана анын кийинки иштеринде чоң ийгиликтерди каалайбыз. COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам келип чыккан көптөгөн татаалдыктарга жана кыйынчылыктарга карабастан университет акыркы эки жылдын ичинде жакшы натыйжаларга жетишти", - деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Эндрю Качинс буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча суракка чакыртылган. Ал бир нече саат Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында болгон. Качинс эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimani
2021-06-09 19:52:31
Качтыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан