УКМК: "Ошто тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды"

Кечээ, 8-июнда Ош облусунун Кара-Суу РИИБинин тергөөчүсү Б.Г.И. 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн А.М. аттуу жарандан 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси "пара талап кылуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Кармалган адам УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zumrudianka
2021-06-09 18:23:54
Акмак туру суук, катын башын менен арам тамак алып уй булоо баккан боккор. Козун эмне бекитесинер арамкордун
+2
Zumrudianka
2021-06-09 18:26:40
Аа сволочь зордуктоону жапканга кыскартканга аракет кылып акча учун олгон болсон. Аллах башына салып койсун оз жакынын зордолуп кордолгонун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан