Жашаган жери жок болгондуктан, орун талашып уруша кетишкен. Ошто 26 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн алдындагы электр чордонун алдынан 26 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, маркум киши колдуу каза болгон.

Маалым болгондой, 5-июнда болжол менен саат 05:20да укук коргоочуларга кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдындагы электр чордонунун алдынан белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы кабарланган.

"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда анын денесинде көгөргөн жана сыйрылган жарааттары бар экендиги аныкталып, тийиштүү иш кагаздар чогултулган. Бул факты Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, эксперттер тарабынан жансыз денеге кароо жүргүзүлгөн. Анда маркумдун сол тарабындагы 2,3 кабыргасы сынганы жана киши колдуу каза болгону аныкталды. Маркум Ош облусунун Өзгөн районунун 1995-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу тургуну экени такталды.

Бул кылмыш ишине шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1992-жылы туулган Б.Э. жана Алай районунун 1991-жылы туулган Ж.Б. аттуу тургундары кармалды. Кармалгандар сурак учурунда 4-июнь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында спирт ичимдигин ичишкенин, туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, шаардагы электр чордонуна барышып, ал жерде уктап жаткан жарандан орун талашып уруша кетишкенин айтып беришкен. Шектүүлөр уктап жаткан жаранды тепкилеп, анын чөнтөгүндөгү 270 сом акчасын алып кетип калышканын белгилешкен.

Кылмышка шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, тергөө аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыкты", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NURSAPAR
2021-06-09 18:47:55
Жаш эле туруп бомж бекен?
+1
Jacob.
2021-06-09 19:01:09
Иш десе ишке, аш десе ашка тойбой, бир эмес эки уй-булоону бага турган жашта курагында, бир тунго 2 метр жер талашып урушуп, 270 сомдун айынан омур кыйылып, пипец короче...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан