Израилде тооктун жумурткасы 1000 жылдан кийин бүтүн бойдон табылды

Израилде 1000 жыл болгон тооктун жумурткасы бүтүн бойдон табылды. Бул тууралуу чет элдик булактар Израилдин археология башкармалыгынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Андагы билдирүүгө ылайык, Израилдин Явне шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казуулардын жүрүшүндө 1000 жыл болгон тооктун жумурткасы табылган.

"Буга чейин деле бир канча миң жыл болгон жумурткалардын фрагменттери табылган учурлар кездешкен. Бирок жумуртканын кабыгы жука болгондуктан, анын калдыктары гана табылчу. Мындай бүтүн жумуртканын табылышы дүйнө жүзү боюнча сейрек кездешкен учур болду", - деген доктор Ли Перри-Галь.

Археологдун айтымында, жумуртка саркынды суулар бар кудукта болгондуктан бүтүн сакталып калган болушу мүмкүн. Жумуртка ал кудукка кандайча тушүп калгандыгын билүү мүмкүн эмес. Андан сырткары аталган кудукта мындан 1000 жыл мурда оюнчук катары колдонулган сөөктөн жасалган 3 куурчак да табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ali-han
2021-06-09 20:27:05
Бир кылым 100 жыл эмеспи адашпасам
+3
Jacob.
2021-06-09 21:11:28
Срок изготовлениеси жазылгандай 1000 жыл дешип ушу окумуштууларын дагы келтирет да.
+7
Mr.altynbek
2021-06-09 21:17:42
Jacob., )))))Жардын
+2
leilekstan_1987
2021-06-09 21:21:09
Эврейлер шарит эте бербегилечи озунчо умный болуп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан